Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:18

УКМК "Токмок" автобекети мамлекетке кайтарылганын жарыялады


"Токмок" автобекети. Август, 2024-жыл.
"Токмок" автобекети. Август, 2024-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик объектилерди аныктоо жана кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, "Токмок автобекет (ПАТП)" ишканасы мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталганын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, аталган автобекет 1997-жылы менчикке чыгарылып, мамлекеттин үлүшү 30% түзгөн. Бирок мамлекетке ишкананын ишмердүүлүгүнөн эч кандай дивиденд төлөнгөн эмес.

Автобекет. Токмок шаары. Август, 2024-жыл.
Автобекет. Токмок шаары. Август, 2024-жыл.

Мекеме тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө акционерлер Токмок автобекетинин мыйзамсыз менчиктештирилгенин мойнуна алганын, 117 млн сомдон ашык бааланган автобекетти жер тилкеси жана административдик имараты менен кошо ыктыярдуу түрдө мамлекетке өткөрүп бергенин маалымдады.

Учурда мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча иштерди улантып жатканын кошумчалады.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Советтер Союзу бузулгандан кийин өлкөдө мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен мүлктөр мамлекетке кайтарыларын бир нече жолу билдирген.

2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин келген бийликтин алгачкы демилгелеринин бири мамлекеттин эсебинен мыйзамсыз байлык топтогон жемкорлукка экономикалык мунапыс жарыялоо болгон. 2021-жылы өкмөт республикалык бюджетти колдоо үчүн депозиттик эсеп ачкан. Эсепке экономикалык мунапыстын жана кылмыштуу жол менен жыйнаган каражаттарын мыйзамдаштыруунун алкагында алынган акча түшөрү жарыяланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG