Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:54

Камчаткада жер титиреп, вулкан атылды


Орусиядагы Камчатка жарым аралынын түштүк-чыгышында жекшембиге караган түнү күчү жети баллга жеткен жер титирөө катталды. Орус Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, жер титирөөдөн каза болгондор жана кыйроолор жок. Бирок силкинүүлөр бир нече күн бою кайталанып, беш баллга чейин жетип түрүшү мүмкүн экенин Орусиянын Илимдер академиясынын геофизикалык кызматы билдирди.

Жер титирөөдөн кийин атылган Шивелуч вулканынын күлү сегиз чакырымдай асманга көтөрүлдү. Вулкан атылган аймакта кызыл авиациялык код жарыяланып, күлдөр учактарга коркунуч жаратпашы үчүн бул аймактан учууга тыюу салынды.

Шивелуч Камчатка районунун Ключи кыштагынан 50, Петропавлов-Камчатскиден 450 чакырым ыраакта атылган.

XS
SM
MD
LG