Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:25

Түрк тилинде чыккан “Казыбек казалчы” китебинин бет ачары өттү


Түрк тилинде жарык көргөн "Казыбек казалчы" китебинин мукабасы.
Түрк тилинде жарык көргөн "Казыбек казалчы" китебинин мукабасы.

Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун колдоосу менен Анкаранын BENGÜ басмасынан түрк тилинде жарык көргөн “Казыбек казалчы” китебинин бет ачары өттү.

Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада өткөн саамалыкка эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Султан Раев, окумуштуулар, адабиятчылар, Казыбек казалчынын урпактары жана окурман журту катышты.

Китептин бет ачарында Совет доорунда тоталитардык системанын кордугун көргөн акындын чыгармачылыгы тууралуу кеп болду. Сөз сүйлөгөн адабиятчылар казалчынын мурасы буга чейин анчейин изилденбей келгенин айтып, бул багытта да иштер жанданышы керектигин белгилешти.

"Казыбек казалчы" китебин Токтобек Асаналиев түзгөн, түрк тилине Мээрим Сайдилкан, Сабырбек Бөрүбай, Айканыш Адилова, Анар Мамбетисаева которгон.

Түрк тилинде жарык көргөн "Казыбек казалчы" китебинин бет ачары. 17.08.2024-ж.
Түрк тилинде жарык көргөн "Казыбек казалчы" китебинин бет ачары. 17.08.2024-ж.

Казыбек казалчы деп таанылган Казыбек Мамбетимин уулу 1901-жылы (айрым маалыматтар боюнча 1902-жылы) Ат-Башы районунун Чет-Келтебик жайлоосунда туулган. Атасы Мамбетимин бий болуп 10 жылча иштеген. Анын бий болушуна Шабдан Жантай уулунун көмөгү тийген.

Казыбек жаш кезинен эле жамактатып ыр чыгарып, акын катары эрте таанылган. Бирок атасы ага алгач каршы болуп, кийин 1929-жылы Кыргызстан боюнча 44 манап, бай, бийлер Оренбург шаарына (Орусия) сүргүнгө айдалгандан тартып Казыбектин ыр чыгарып, казал айтышына каршылыгын токтоткон.

Казыбек Оренбург шаарынан бошоп келгенден кийин кайындары тарапта - Ак-Талаа районунда жашап жүрүп, кийин Ат-Башыга барган учурда совет өкмөтүнө каршы көтөрүлүшкө туш келип, эл менен Кытайга качкан.

Андан кайра Кулжа тарапка бараткан маалда советтик аскерлердин колуна түшүп, соттолгон. Айрым маалыматтар боюнча Ташкент шаарында, айрым кабарлар боюнча Чырчыкта, кээ бир маалыматтар боюнча ал жактан келатканда Өзгөн районунун аймагында Казыбек Мамбетимин уулу 40 жашка чыгып, чыкпай каза тапкан. Сөөгү кайсы жерге коюлганы белгисиз.

Казыбектин ырларына Советтер Союзу маалында тыюу салынган. Ага карабай анын ырлары эл арасына кеңири таанылып, ооздон-оозго өтүп айтылып келген. Анын чыгармачылыгын иликтеген бир катар окумуштуулар Казыбекти Токтогул Сатылганов, Жеңижок Көкө уулунан ашса ашып, кем калбаган залкар акын болгонун белгилешет.

1982-жылы 1-январда жазуучу Чыңгыз Айтматовдун көмөгү менен санжырачы, казыбекчи Рыскулбек Байдилде уулунун айтуусунда Казыбектин казалдары республикалык теле аркылуу жалпы элге жарыя болот. Ошондон тартып Казыбектин айланасында талкуу кайра кызыган.

Эгемендиктин алгачкы жылдары Ат-Башы районундагы Пограничник айылына Казыбектин аты коюлуп, Нарын шаарында анын эстелиги ачылган.

Мыйзам жүзүндө Казыбек Маметемин уулу 2022-жылдын 16-февралда гана Жогорку сот тарабынан толук акталган. (MZh)

XS
SM
MD
LG