Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:25

ЖККУ Орусия уюмдан жардам сурап кайрылбаганын билдирди


Курск облусу.
Курск облусу.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аналитикалык кызматы Орусиянын Курск облусундагы кырдаалга тыкыр көз салып турганын билдирди. Бул тууралуу маалымат уюмдун сайтына 16-августта жарыяланды.

Анда Орусия аскердик жардам сурап кайрыла турган болсо, бардык зарыл процедуралар көрсөтүлгөн мөөнөткө ылайык жүргүзүлө турганы белгиленген.

“Аскердик конфликттин ЖККУнун жоопкерчилигиндеги зонага өтүп кетиши – эскалациянын жаңы этабы. Биздин аналитикалык кызматыбыз күнү-түнү иштеп жатат. Кырдаалдын өнүгүшүнө тыкыр көз салып турабыз жана уюмдун уставына жараша иш алып барабыз. Катчылык менен Орусиянын тиешелүү мамлекеттик мекемелери маалымат алмашып турушат”, - деп жазылган уюмдун билдирүүсүндө.

ЖККУ аскердик жардам көрсөтүү уюмга мүчө мамлекеттин расмий кайрылуусунан кийин гана боло турганын, азырынча Курск облусундагы кырдаалга байланыштуу Орусиядан кайрылуу түшпөгөнүн тактады.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский Курск облусунун 1150 чарчы чакырым жердеги 82 калктуу пункт азыркы тапта Украин аскерлеринин көзөмөлүндө экенин билдирген. 6-августтан бери алардын Орусиянын аймагына ичкери жылуусу 35 чакырымга жеткенин айткан.

  • Курск облусунда 9-августта федералдык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал жарыяланган. 14-августта ушундай эле өзгөчө кырдаал коңшу Белгород облусунда да жарыяланды. Орусия Курск, Белгород жана Брянск облустарында «антитеррордук» операция жүргүзүп жатканын айтууда.
  • Ал эми Украина Курск облусунан жана ага коңшу аймактардан Орусия украин шаар кыштактарын тынымсыз аткылап келатканын, ошону токтотуу үчүн гана кирип барганын, жерин ээлеп алуу ниети жоктугун, бул операциясын өз элин коргоо максатында гана жүргүзүп жатканын билдирүүдө. Согуш шартында тараптардын билдирүүлөрүн өз алдынча тактоо мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG