Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:38

Екатеринбургда АКШ жана Орусия жараны 12 жылга соттолду


Ксения Карелина.
Ксения Карелина.

Орусияда АКШ жана орус жарандыгы бар Ксения Карелина "мамлекетке чыккынчылык" деген айыптын негизинде 12 жылга эркинен ажыратылды. Өкүм 15-августта Свердлов облустук сотунда кабыл алынды.

Прокуратура аны 15 жылга абакка кесүүну сунуш кылган.

Адвокат Михаил Мушаилов Карелина акча которгону чын экенин моюнуна алганын, бирок сот өкүмүнө каршы апелляция берерин айтты.

33 жаштагы Карелина АКШга 2015-жылы көчүп барып, америкалык жаранга күйөөгө чыккан жана 2021-жылы бул өлкөнүн жарандыгын алган.

Быйыл январда Орусияга туугандары менен жолугушууга барган Карелинаны кармап кетишкенде ага алгач полиция кызматкери менен уруша кеткени үчүн «ээнбаштык» деген айып тагылган. Кийин телефонун текшерип, Украинага колдоо көрсөткөн америкалык уюмга бир нече күн мурда 51 доллар өлчөмүндө жардам жөнөткөнүн аныкташкан. (RK)

XS
SM
MD
LG