Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:32

ТИМ Москвада балдарын мектепке киргизе албай жаткан мигранттарга жардам берилерин кабарлады


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин имараты.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин имараты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусияда балдарын мектепке киргизе албай жаткан кыргызстандык мигранттар тууралуу комментарий берди.

Министрлик 16-августта маалымат таратып, Москва шаарында убактылуу жашап жана иштеп жаткан кыргызстандыктардын балдарын билим берүү уюмдарына кабыл алууда кыйынчылыктар бар экенин, бирок мындай окуялар көп эмес экенин билдирди.

“Ата-энелер балдарын мектепке киргизүүдө жардам сурап элчиликке кайрылгандар бар. Мектепке кабыл алуудан баш тартууга, негизинен, баланын катталган жери боюнча билим берүү уюмунда орундардын жетишсиздиги себеп болууда”, - деп айтылат маалыматта.

ТИМ Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги документ чогултууда жана балдарды мектепке киргизүүдө кыргызстандыктарга көмөк көрсөтө турганын кошумчалады.

“Азаттык” радиосунун “Мигрант медиа” долбооруна Орусиядагы кыргызстандык бир нече мигрант кайрылып, балдарын мектепке киргизе албай жатканына даттанган. Алар президент Садыр Жапаровго, элчиликке кайрылуу жасап, маселени чечип берүүнү өтүнүшкөн.

Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров 10-июнда Орусияда 411 миңден ашык кыргызстандык мигрант бар экенин айткан. (BTo)

XS
SM
MD
LG