Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:26

"Ата Бейиттин" сырын ачкан Бүбүйра Кыдыралиева дүйнөдөн кайтты


Бүбүйра Кыдыралиева менен Болот Абдрахманов. Бишкек шаары. 29-сентябрь, 2020-жыл.
Бүбүйра Кыдыралиева менен Болот Абдрахманов. Бишкек шаары. 29-сентябрь, 2020-жыл.

Сталиндик репрессияда атылгандар көмүлгөн жерди көрсөтүп берген Бүбүйра Кыдыралиева 14-августта 96 жашында дүйнөдөн кайтты.

Маалыматты "Ата Бейит" мемориалдык музей комплексинин жетекчиси, Кыргызстандагы саясий репрессия курмандыктары жөнүндөгү 10 томдук "Эскерүү китебинин" автору Болот Абдрахманов "Азаттыкка" тастыктады.

Бүбүйра Кыдыралиева 1928-жылы туулган.

Бишкектин чет жагында атып өлтүрүлгөн репрессия курмандыктарынын сөөгү жаткан жерди Кыдыралиева 1990-жылы ачыкка чыгарган. Ага бул жашыруун маалыматты өз кезегинде НКВДнын дачасында кароолчу болуп иштеген атасы Абыкан Кыдыралиев 1973-жылы айтып берген. Кыдыралиева укканын Совет доорунда ачык жарыялоого батынган эмес.

"Эл душманы" жарлыгы тагылып, 1938-жылы 5-7-8-ноябрь күндөрү атылгандардын арасында Төрөкул Айтматов, Иманалы Айдарбеков, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов баштаган интеллигенциянын 137 өкүлү болгон. Маркумдардын сөөгү 1991-жылы 30-августта жаңы негизделген "Ата Бейит" көрүстөнүнө арууланып кайра коюлган. Эртеси күнү Жогорку Кеңеш Кыргызстандын эгемендигин жарыялаган.


И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети Б.Кыдыралиевага "ардактуу профессор" наамын ыйгарган. (ZKo/MZh)

XS
SM
MD
LG