Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:17

Кыргызстанда Билим күнү 2-сентябрда белгиленет


Билим күнү. 1-сентябрь, 2023-жыл.
Билим күнү. 1-сентябрь, 2023-жыл.

Кыргызстанда быйыл Билим күнү 2-сентябрда белгилеген. Өлкөдөгү мектептердин баарында алгачкы коңгуроо 2-сентябрда кагылат.

1-сентябрь дем алыш күнгө туш келгенине байланыштуу ушундай чечим кабыл алынганын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 14-августта маалымат жыйынында билдирди.

Быйылкы жылы 1-класска электрондук каттоо аркылуу 113 миңдей бала катталган. Ушул тапта бош орундарга каттоо жүрүүдө, жараян 30-августта аягына чыгат.

Кыргызстандын Эмгек кодексине ылайык, 31-август Эгемендик майрамы ишемби күнгө туш келгендиктен, 2-сентябрь дем алыш күнү болушу керек эле. Бирок быйыл 5-январда дем алуу болгону үчүн 2-сентябрь иш күн болуп эсептелет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG