Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:19

Кисида Жапониянын өкмөт башчылыгынан кетерин жарыялады


Жапониянын өкмөт башчысы Фумио Кисида
Жапониянын өкмөт башчысы Фумио Кисида

Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида бийликтеги Либерал-демократиялык партиянын лидерин шайлоодо экинчи мөөнөт үчүн ат салышпайт. Кисида сентябрда өтө турган шайлоодон кийин өкмөт башчылыктан кетерин билдирди.

Кисиданын рейтинги анын партиясы аралашкан коррупциялык чуудан кийин кескин төмөндөп кеткен. Өткөн айда анын рейтинги 15,5% түшүп, өкмөт башчы үчүн соңку ондогон жылдардан берки эң төмөн көрсөткүч болгон.

"Таза жана ачык шайлоо, эркин дебаттар учурда абдан маанилүү болуп турат. Партиянын өзгөрөрүн көрсөтө турган эң жакшы кадам бул менин кызматтан кетишим",- деди Кисида 14-августтагы маалымат жыйында.

Буга чейин ал коомдук сындарга карабай кызматтан кетүүдөн баш тартып келген.

Кисида либерал-демократтардын лидерлигине 2021-жылы шайланган. Анын үч жылдык мөөнөтү сентябрда аяктайт. Жаңы лидер анын ордуна өкмөттү жетектеп каларын билдирет. Аталган партия 1955-жылдан бери дээрлик тынымсыз бийликти жетектеп келет.

9-августта Астанада өтө турган Жапония-Борбор Азия өлкөлөрүнүн саммити Фумио Кисида өлкөсүндөгү табигый кырсыктардан улам жыйынга катыша албай калганына байланыштуу өтпөй калган.

XS
SM
MD
LG