Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:10

Орусиянын Белгород облусуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди


Орусиянын Украина менен чектешкен Белгород облусунун бийлиги аймактык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал режимин киргизди. Бул тууралуу облус башчысы Вячеслав Гладков билдирди.

"Белгород облусунда кырдаал абдан оор жана чыңалган бойдон калууда. Украинанын куралдуу күчтөрү күндө аткылап жатат. Талкаланган турак жайлар, жабыркаган жана набыт болгон карапайым тургундар. Ошондуктан бүгүнтөн тартып Белгород облусунун бардык аймагында калкты коргоо жана жабыркагандарга кошумча жардам көрсөтүү максатында өзгөчө кырдаал режимин жарыялайбыз",- деди Гладков өз кайрылуусунда.

Расмий Киев Белгород облусундагы окуялар боюнча реакция жасай элек.

Айыгышкан салгылаштар уланып жаткан коңшу Курск облусуна 9-августта эле федералдык масштабдагы өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

6-августта украин армиясы Курск облусуна кирип барганы кабарланган. 13-августта Украинанын президенти Владимир Зеленский армиясы өз карамагына 74 калктуу конушту алганын билдирди. Ага чейин Курск облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Алексей Смирнов 28 калктуу конуш украин күчтөрүнүн көзөмөлүндө экенин айткан.

Орусияда өзгөчө кырдаал режими киргизилген аймакка адамдар менен транспорт ээн-эркин киргизилбейт. Жергиликтүү тургундар эвакуцияланат. Аймактык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал режими 500дөн ашуун киши жабыркап, материалдык зыяндын кесепети 1,2 млрд рублдан ашканда жарыяланат.

Украина менен чектеш Белгород облусу согуш башталганы эле аткылоолорго кабылып келет. Расмий Киев бул аймактагы окуяларга комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG