Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:06

“Манас” ААК “Ысык-Көл” аэропортунун аймагында учкучсуз учак кулаганын билдирди


Социалдык тармактарга тараган сүрөт.
Социалдык тармактарга тараган сүрөт.

14-августта Ысык-Көл облусунунун Тамчы айылында жайгашкан “Ысык-Көл” аэропортунда пилотсуз учак кулады. Бул маалыматты “Азаттык” радиосуна “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы ырастады. Мекеме ушул күндөрү Ысык-Көл облусунун аймагында аскердик машыгуу өтүп жатканын билдирип, тик учак кулаганы тууралуу маалыматты четке какты.

“Ысык-Көл” аэропортунун аймагына кулаган пилотсуз учактан чыккан өрттү басууга эки өрт өчүрүүчү автоунаа тартылган. Алдын ала маалымат боюнча кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.

“Азаттык” коргоо министри Бактыбек Бекболотов менен байланышканда ал Коргоо министрлигине тиешелүү техника кырсыкка кабылбаганын айтты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) комментарий бере элек.

Социалдык тармактарда “Ысык-Көл” аэропортунун аймагында өрт чыгып, кара түтүн асманга көтөрүлүп жатканы тартылган видео жана сүрөттөр жарыяланды.

Кыргызстан буга чейин Түркиядан “Байрактар”, “Аксунгур” жана “Акынжы” пилотсуз учактарын сатып алган. (BTo)

XS
SM
MD
LG