Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:41

"Асман аба жолдору" күзүндө ички аба каттамдарын ачат


"Манас" аэрпортунун жетекчилиги жаңы алынган учактарды модернизациялоо иши менен таанышууда. Архив сүрөт. 25-январь, Канада.
"Манас" аэрпортунун жетекчилиги жаңы алынган учактарды модернизациялоо иши менен таанышууда. Архив сүрөт. 25-январь, Канада.

"Асман аба жолдору" мамлекеттик авиакомпаниясы 27-сентябрдан баштап өлкөнүн ичинде бардык багыттар боюнча ички каттамдарды ача турганын жарыялады. Ага ылайык, Талас, Нарын, Караколго аба каттамдары ачылат.

Компаниянын директору Жолдошбек Айдаралиевдин журналисттерге билдиргенине караганда, алгачкы каттам 27-сентябрда Бишкек-Ош багытында болмокчу. Ички каттамдар үчүн Asman Airlines үч жаңы учак сатып алган, алардын биринчиси - 80 орундуу Dash 8-400 учагы августта келет. Экинчиси сентябрда келери күтүлүүдө. Ишкана ноябрда дагы бир учак сатып алууну көздөөдө.

Ички каттамдарга билетти сайттан жана "Манас" аэропортунун тиркемесинен сатып алууга болот.

"Авиакаттамдар бир убакта бир нече багыттарга көздөй учурулат. Мисалы, Бишкек - Талас - Ош - Бишкек багыты иштелип чыкты. Дагы башка багыттарды да иштеп чыгабыз".

Айдаралиевдин маалымдашынча, Караколго жана Нарынга аба каттамдары кеч күздөн тартып ачылат. Компания келечекте эл аралык каттамдарга - алгач Казакстан менен Өзбекстанга учууну көздөөдө.

Маалыматка ылайык, учкучтарды канадалык, узатуучуларды орусиялык адистер окутуп, үйрөтүшөт.

“Манас” аба майданы Asman Airlines деген туунду компания түзүп, ага эки учак сатып алган. Акциясы толугу менен мамлекетке таандык бул ишканага Кыргызстан сатып алган Dash-8-400 үлгүсүндөгү учактар берилерин "Манас" эл аралык аэропортунун" башкармалык төрагасы Манасбек Самидинов буга чейин журналисттерге билдирген.

Кыргызстандагы "Казарман", "Жалал-Абад" жана "Кербен" аймактык аэропорттору каттамдарды кабыл алууга даяр экени 12-августта кабарланган.

Кыргызстанда азыр ички каттамдарга "ТезЖет" жана "Авиатрафик" компаниясынын учактары чыгат. Ички каттамдарга учуу акысы кымбат деген нааразылыктарга аэропорт жетекчилиги жеке менчик ишканалардын баа саясатына кийлигише албасын айтып келет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG