Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:13

Өзгөндө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары издөөдө жүргөн жаран кармалды


Ички иштер министрлигинин 14-августтагы маалыматына караганда, Өзгөн районунун тургуну быйыл 9-майда таанышы менен чогуу райондун Кызыл-Октябрь айылынын тургундары - эки бир тууганды катуу сабап койгон. Жыйынтыгында 27 жаштагы З. Б. аттуу жаран оор жаракат алган.

Бул иш боюнча жергиликтүү милиция Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Ден соолукка оор залал келтирүү") менен кылмыш ишин козгоп, шектүүгө издөө жарыяланган.

14-август күнү кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

ИИМдин маалыматына ылайык, шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат.

Учурда иликтеп-тергөө иштери жүрүп жатканы айтылды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG