Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:50

Иранда аял укугу үчүн күрөшкөн беш активист аял соттолду


Росита Ражаи (солдо) жана Нина Голестани.
Росита Ражаи (солдо) жана Нина Голестани.

Иранда аял укугун коргоп жүргөн беш активист аял жалпысынан 20 жылдан ашуун мөөнөткө абакка кесилгенин бүгүн 13-августта «Фарда» радиосу жазды.

Нина Голестани, Анахита Хежази, Анахита Достдар, Росита Ражаи жана Нагин Адалатка өлкөнүн түндүгүндөгү Решт шаарында бир катар башка активисттер менен чогуу былтыр ноябрда кармалышкан.

Ар бири «кутум уюштурган» деген айып менен 3,5 жылга жана «режимге каршы үгүт» деген кине боюнча жети айга эркинен ажыратылды.

Решт Ирандагы эки жыл мурда уюштурулган «Аялдар, өмүр, эркиндик» акциясы учурунда жапырт нааразылык акциялары өткөн шаарлардын бири болгон.

2022-жылы Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен 22 жаштагы студент кыз Махса Амини абакта каза болгон. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып беришкен.

Амининин абактагы өлүмүнөн кийин өлкөнүн бир нече аймагында нааразылык акциялары башталган, жүздөгөн киши кармалып, кеминде 200дөй адам өлүм жазасына тартылган.

«Ирандагы адам укуктары боюнча борбор» (CHRI) уюмунун маалыматына караганда, 2023-жылы Иранда 700 адам дарга асылган. (RK)

XS
SM
MD
LG