Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:47

Молдова Орусияга тетик сатууга көмөктөшкөн үч компаниянын ишин токтотту


Орусиянын Su-34 бомбалоочу учагы.
Орусиянын Su-34 бомбалоочу учагы.

Молдова Орусияга учак тетигин сатууда ортомчулук кылган үч компаниянын (Airrock Solutions, Aerostage Services жана Maxjet Service) ишмердүүлүгүн токтотконун бүгүн 13-августта «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун молдован кызматы жазды.

Мындай чечим 7-августта Инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү боюнча кеңештин премьер-министр Дорин Речандын төрагалыгы менен өткөн жыйынында кабыл алынганы маалымдалды.

Быйыл февраль айында радионун молдован кызматынын журналисттери иликтөө жүргүзүп, аталан үч ишкана 2022-2023-жылдары орусиялык фирмаларга жалпы суммасы 15 миллион долларга учак тетигин сатууда ортомчулук кылганын аныктап чыгышкан.

Бул ишканалардын аракетинде Молдованын мыйзамдары бузулган фактылар аныкталган эмес, бирок иш Европа Биримдиги Орусия 2022-жылы Украинага каршы согуш ачканы үчүн ага каршы бир катар санкция жарыялангандан кийин болгону белгиленген. (RK)

XS
SM
MD
LG