Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:36

Орусия чек арадагы дагы бир районунун элин дээрлик бүт эвакуациялады


Орусиянын Украина менен чектеш аймактарынан эвакуация болуп жаткандар.
Орусиянын Украина менен чектеш аймактарынан эвакуация болуп жаткандар.

Орусиянын Украина менен чектеш тилкесиндеги Курск облусунда украин аскерлеринин алдыга жылуусу уланып жаткан чакта коңшу Белгород облусунун Красная Яруга районунун жайкын тургундарынын дээрлик баары эвакуация болгонун бүгүн 13-августта аймактын губернатору Вячеслав Гладков билдирди.

«11 000 адам райондон чыгып кетти. Азыркы кезде 1000ге жакын адам убактылуу жайда жашап жатат», — деп жазды ал Telegram каналына.

Аталган райондун калкы согушка чейинки жылдары 14 000 адам экени кабарланган. Курск облусунун бир нече чек аралаш аймагынан тургундар буга чейин эвакуация болгон.

Гладковдун айтымында, район азыркы тапта дээрлик жабык турат. Райондун башчысы Андрей Мисков Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана башка кызматтардын өкүлдөрү, жалпысынан 500дөй гана адам калып, иштеп жатканын айтты.

Украин аскерлери Курск облусуна 6-августта кирип барган. 12-августта украиналыктар Курск аймагынын Суджа шаарчасынан тарткан видеосу жарыяланган, андан жоокерлер орус аскерлерин же бийлик өкүлдөрүн көрө электигин айтып жатканын угууга болот. (RK)

XS
SM
MD
LG