Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:51

Ирандын жаңы дайындалган вице-президенти кызматтан кетти


Мохаммад Жавад Зариф жана Масуд Пезешкиан.
Мохаммад Жавад Зариф жана Масуд Пезешкиан.

Ирандын мурдагы тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф өткөн аптада дайындалган вице-президенттик кызматтан кеткенин жарыялады. Бул тууралуу ал бүгүн 12-августта Х социалдык түйүнүндөгү баракчасына жазды.

Мындай чечимдин кабыл алынышына бир нече себеби бар экенин айткан Зариф алардын бири жаңы кызматка дайындалгандан кийин балдарынын АКШ жарандыгына байланыштуу айтыла башталган сын жана басым болгонун билдирди.

Ирандын жаңы шайланган президенти, реформачыл саясатчы катары таанылган Масуд Пезешкиан өзүнө орун басар кылып Зарифти он күнчө мурда дайындаган.

Ирандын өзөктүк программасы боюнча дүйнөлүк ири державалар менен жетишилген 2015-жылдагы келишимине байланыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн Зариф академиялык чөйрөдөгү ишмердүүлүгүнө кайтарын, ички саясатка көп аралашпоого аракет кыларын кошумчалады.

64 жаштагы Зариф Ирандын Тышкы иштер министрлигин 2013-2021-жылдары башкарган. 17 жашында эл аралык студенттик виза менен АКШга окуганы барып, Сан-Францискодо Калифорния штатынын университетинде, Колорадо штатында Денвер университетинде эл аралык мамилелер боюнча илимий даража алган.

Президенттик кызматты 2021-жылдын август айынан бери аркалап келген Эбрахим Раиси 64 жаш курагында каза болгон. Раиси, тышкы иштер министри Хосейн Абдоллахиан жана башка бир нече киши бараткан тик учак быйыл 19-майда Ирандын Азербайжан менен чек арасында кырсыкка учурап каза болгону расмий кабарланган.

Реформачыл саясатты карманган 69 жаштагы хирург адис, мурдагы саламаттык сактоо министри Масуд Пезешкиан 28-июнда өткөн президенттик шайлоонун биринчи турунда добуштардын 42,5%, ал эми 5-июлдагы экинчи турда дээрлик 54% алып, атаандашы, Улуттук коопсуздук боюнча улук кеңештин мурдагы катчысы, 44% алган Саид Жалилини жеңген. (RK)

XS
SM
MD
LG