Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:43

Орусиядагы өзбек диаспорасынын лидери соттолду


Усман Баратов
Усман Баратов

Орусияда өзбекстандыктардын «Ватандош» биримдигинин жетекчиси Усман Баратов Интернеттеги тамаша посту үчүн төрт жылга эркинен ажыратылды. Москва облусунун Ступино шаардык соту 12-августта чыгарган өкүмүнө ылайык, ал «жек көрүүчүлүктү жана кастыкты козуткан» деп табылды жана жаза мөөнөтүн жалпы тартиптеги колонияда өтөмөй болду.

Баратов өзү соттун өкүмүн «сот адилеттигинин жана орусиялык Фемиданын мазакталышы» деп атады.

Кылмыш иши быйыл январь айында согушту колдогон «кабарчылар» жана активисттер Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкинге ал тууралуу «жеткирип барышкандан» кийин ачылган. Алар Украинада согушуп жаткан орусиялык аскерлердин аялдары мазакталганын айтышкан.

Тергөөдө Баратов "Одноклассники" социалдык түйүнүнө жумуртка кымбаттаганы тууралуу жаңылыкты бөлүшүп, «Короздорду фронттон кайтаргыла!» деген комментарий жазганы Украинада согушуп жаткан орусиялык аскерлердин аялдарынын «ар-намысына шек келтирүү» деп бааланган. Мындай айыпты Баратов четке кагып, сатиралык сүрөттүн согушта жүргөн аскерлерге эч тиешеси жоктугун айткан.

Быйыл 27-февралда Баратов Росфинмониторингдин «экстремисттер жана террористтер» тизмесине киргизилген. Январда кармалгандан бери тергөө абагында отурган.

Баратовдун иши тергеле баштаганда Мамлекеттик Думанын вице-спикери Пётр Толстой Орусиядагы улуттук бирикмелерди жана диаспораларды уюшма кылмыштуу топторго теңөөнү, «мындай бирикмелердин ишин токтотууну» талап кылган. (RK)

XS
SM
MD
LG