Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:36

Париж-2024: Кыргызстандык спортчулар багындырган бийиктик

Париж Олимпиадасы эгемен Кыргызстандын тарыхында кыргыз спортчулары эң көп байге алган Олимпиада болуп калды. Буга чейин кыргыз спортчулары Сидней Олимпиадасында бир коло байге, Бээжин Олимпиадасында бир күмүш, эки коло жана Токио Олимпиадасында эки күмүш, бир коло байге алышкан. Азырынча эгемен Кыргызстандын тарыхында кыргыз спортчулары Олимпиаданын алтын байгесин ала элек.

Ушул тапта эки күмүш, төрт коло медалы менен Кыргызстан медалга ээ болгон 84 өлкөнүн ичинен 68-орунда баратат. Күмүш байгелерге Мээрим Жуманазарова, Мунарбек Сейитбек уулу, коло байгелерге Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков, Айсулуу Тыныбекова ээ болду.

"Азаттык" Париждеги кыргыз спортчуларыны ийгилиги, ызасы, сүйүнүчүнө сүрөттөр менен көрсөтөт.


Дагы жүктөңүз

16x9 Image

Гүлжан Турдубаева

“Азаттыктын” Бишкектеги фотокабарчысы жана спорт журналисти. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG