Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:23

Ысык-Көлдөн былтыртан бери 28 миң тонна таштанды, 260 миң метр тор чыгарылды


Президенттин администрациясы тараткан сүрөт.
Президенттин администрациясы тараткан сүрөт.

Ысык-Көлдөн быйыл жыл башынан бери алты тоннадай акыр-чикир, 40 миң метр балык кармоочу тор чыгарылды. Былтыр болсо жалпысынан 22,5 миң тоннадан ашык таштанды, 218 миң метрдей тор алынып чыккан. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады. Учурда мыйзам менен тыюу салынганына карабастан браконьерлик, көлдү булгоо уланып жатканын белгиледи.

"Адистер белгилегендей, Ысык-Көлгө эс алуучулар калтырган таштандылар олуттуу терс таасирин тийгизип жатат. Мындан улам бардык жарандарды, эс алуучуларды көлгө аяр мамиле жасоого чакырыбыз",- деп жазылган маалыматта.

Былтыр июнь айында президент Садыр Жапаров көл булганып жатканын айтып, торлорун калтырып кеткен браконьерлерди сынга алган жана көлдү тазалоо тапшырмасын берген.

Ысык-Көлдө башаламан салынган эс алуу жайлары, алардан чыккан саркынды суулар көлдү булгап жатканы, балык уулаган браконьерлер көлдүн уникалдуу экологиясын талкалап жатканы айтылып келет.

“Ысык-Көл” биосфералык аймагы Кыргызстанда мыйзам менен өзгөчө корголгон улуттук маанидеги табигый аймак болуп эсептелет. 2001-жылы ЮНЕСКОнун “Адам жана биосфера” программасынын алкагында Бүткүл дүйнөлүк биосфералык резерваттар тутумуна киргизилген.

XS
SM
MD
LG