Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:43

Киевге жасалган чабуулда төрт жашар бала жана анын атасы набыт болду


Ишембиден жекшембиге караган түнү Орусиянын армиясынын Киев шаарына жасаган чабуулунда бир жер там кыйрады. Куткаруучулар урандынын алдынан 35 жаштагы тургундун жана анын төрт жашар уулунун сөөгүн алып чыкты. Дагы үч адам, алардын арасында 13 жашар кыз оор жараат алып, ооруканага жеткирилди.

Шааардык аскердик администрациясынын башчысы Сергей Попко түнкү чабуулдун чоо-жайы тууралуу маалымат берип, Телеграм-каналына шаар ушуну менен август айында экинчи ирет аткыланып жатканын жазды.

"Мындан алты күн мурдагыдай эле абадан жасалган чабуул өз максатына жеткен жок. Соккуга шаардын четки аймагы кабылды", - деп жазды Попко.

Орусия Украинаны күн сайын аткылап жатат. Өлкөнүн коргоо министрлиги аскердик объектилер гана бутага алынарын гана айтып, калктуу конуштарды атайлап бутага алат деген дооматтарды четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG