Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:05

Париж-2024: Балбан Айаал Лазарев коло медал үчүн беттеште жеңилди


Архив сүрөт. Айаал Лазарев.
Архив сүрөт. Айаал Лазарев.

Париж Олимпиадасында 10-августта эркин күрөштөн 125 кг чейинки салмакта кыргызстандык балбан Айаал Лазарев коло байге үчүн беттеште түркиялык Таха Акгүлгө жеңилди (0:7). Лазарев ушуну менен Париж Олимпиадасындагы таймаштарын жыйынтыктап, 5-орунду ээледи.

9-августта килемге чыккан Лазарев алгачкы беттешинде ирандык балбан Амир Хоссейин Зареге 5:0 эсебинде жеңилди. Заре жарым финалда түркиялык Таха Акгүлдү жеңип, финалга чыгып, Лазаревге көңүл жубатуучу беттешке чыгууга жол ачылды. 10-августта көңүл жубатуучу беттеште Лазарев канадалык Амарвир Десини 5:0 эсебинде утуп, коло байге үчүн таймашууга мүмкүнчүлүк алган.

Коло байге үчүн беттештен кийин Айаал Лазарев жана Таха Акгүл килем үстүндө спорттук бут кийимдерин чечип, карьерасын жыйынтыктаганын жарыялашты.

33 жаштагы Таха Акгүл Олимпиадага 3-жолу катышты. 2016-жылы Рио-де-Жанейродо алтын, 2021-жылы Токиодо коло байге алган. Европанын жети жолку, дүйнөнүн үч жолку чемпиону, эки жолку күмүш, үч коло байгенин ээси.

Теги якутиялык Айаал Лазарев 38 жашта. 2009-жылдан бери Кыргызстандын атынан мелдештерге катышып келген.

Азия оюндарынын коло байгесинин ээси (2023-ж.). Азия чемпиону (2015-ж.), эки күмүш (2021, 2024), үч коло медалдын ээси (2010-ж., 2013-ж, 2016-ж.). Олимп оюндарына ушуну менен үчүнчү жолу катышууда. 2016-жылы Рио-де-Жанейродогу Олимпиадада 15-орунду, 2021-жылы Токио шаарында өткөн Олимп оюндарында 16-орунду алган. 2020-жылы Сербиянын Белград шаарында өткөн Дүйнө кубогунда коло медал уткан.

Париж Олимпиадасына Кыргызстандан 16 спортчу жолдомо алган. Ушул тапта бир күмүш, төрт коло медалы менен Кыргызстан 81 өлкөнүн ичинен 71-орунда баратат. Олимпиада оюндары 11-августта жыйынтыкталат. Бүгүн, 11-августка караган түнү Лазаревден сырткары дагы бир кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта коло байге үчүн монголиялык Орхон Пуревдорж менен беттешет. (ECh/GT)

XS
SM
MD
LG