Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:30

Париж-2024: Айпери Медет кызы коло медал үчүн күрөшөт


Айпери Медет кызы беттеш учурунда. Париж. 10-август, 2024-жыл.
Айпери Медет кызы беттеш учурунда. Париж. 10-август, 2024-жыл.

Париж Олимпиадасында Айпери Медет кызы коло медал үчүн күрөшөт. Ал 10-августта кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограммга чейинки салмакта жарым финалда АКШлык Кеннеди Алексис Блейдстке жеңилди (6:8).

Айпери жарым финалга эки атаандашын жеңип чыккан. Алгач 1/8 финалда кытайлык Ван Цзюанды (4:1), чейрек финалда индиялык Ритика Худаны уткан (1:1).

Медет кызы коло байге үчүн ким менен беттешери 11-августта көңүл жубатуучу беттештердин жыйынтыгында белгилүү болот. 11-августка белгиленген жарым финалдык жана финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 22:15те башталат.

Айпери Медет кызы 25 жашта. Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) рейтингинде 76 кг салмакта биринчи орунда. Медет кызы акыркы бир жарым жылда сегиз мелдештен сегиз медал уткан. Анын төртөө алтын, үчөө күмүш жана бирөө коло. Париж Олимпиадасына ал фавориттердин катарында барды.

Дүйнө чемпионатынын күмүш (2023-ж.) жана коло байгелеринин ээси (2021-ж.). Азия оюндарынын алтын (2023-ж.) жана коло байгелерин уткан (2018-ж.). Азия чемпионатынын финалында беш жолу күрөшүп, эки чемпионатта жеңишке жетсе, үч жолу күмүш байге алган (2020-ж., 2021-ж., 2023-ж.).

Кеннеди Алексис Блейдс 21 жашта. Жаштар арасында дүйнө чемпионаттарынын байге ээси. Ал өз өлкөсүнүн атынан Париж Олимпиадага катышуу үчүн дүйнөнүн алты жолку чемпиону, Токио Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси Аделина Грэйди жеңип чыккан.

Айпери Медет кызы: “Олимпиада чемпиону болгум келет”
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:54 0:00

Медет кызы Олимп оюндарына экинчи жолу катышууда. 2021-жылы Токио Олимпиадасында 5-орунду ээлеген.

11-августка караган түнү кыргызстандык эки балбан коло байге үчүн күрөшөт.

125 кг чейинки салмакта кыргызстандык балбан Айаал Лазарев Олимпиаданын коло медалы үчүн түркиялык Таха Акгүл менен беттешет. Кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова 62 кг чейинки салмакта монголиялык Орхон Пуревдорж менен коло медал үчүн таймашат.

Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу 57 килограмм салмакта Олимпиаданын алтын медалы үчүн өзбек мушкери Абдумалик Халоков менен беттешет. Бокстон финалдык беттеш түнкү саат 01:30да башталат.

Париж Олимпиадасына Кыргызстандан 16 спортчу жолдомо алган. Ушул тапта бир күмүш, үч коло медалы менен Кыргызстан 80 өлкөнүн ичинен 70-орунда баратат. Олимпиада оюндары 11-августта жыйынтыкталат. (ECh/GT)

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндары, кыргыз спортчуларынын мелдештери тууралуу "Азаттыктын" "Париж-2024: Олимпиада жаңылыктары" баракчасынан окуңуз.

XS
SM
MD
LG