Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:21

Париж-2024: Айпери Медет кызы жарым финалга чыкты


Айпери Медет кызы 1/8 финалда кытайлык Ван Цзюань менен беттешип, 4:1 эсебинде утту.
Айпери Медет кызы 1/8 финалда кытайлык Ван Цзюань менен беттешип, 4:1 эсебинде утту.

Париж Олимпиадасында Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшүнөн 76 кг чейинки салмакта жарым финалга чыкты. Ал чейрек финалдык беттеште индиялык Ритика Худа менен беттешип, эсеп 1:1 менен аяктады. Айпери акыркы упайды алганы үчүн жеңишке жетти.

Жарым финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 22:15те башталат. Айпери жарым финалда кубалык Марин Потрилье менен америкалык Кеннеди Блейдстин беттешинин жеңүүчүсү менен күч сынашат.

Айпери 1/8 финалда кытайлык Ван Цзюань менен беттешип, 4:1 эсебинде утту.

Айпери Медет кызы: “Олимпиада чемпиону болгум келет”
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:54 0:00

Айпери Медет кызы 25 жашта. Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) рейтингинде ал 76 кг салмакта биринчи орунда. Медет кызы акыркы бир жарым жылда сегиз мелдештен сегиз медал уткан. Анын төртөө алтын, үчөө күмүш жана бирөө коло. Париж Олимпиадасына ал фавориттердин катарында барды.

Дүйнө чемпионатынын күмүш (2023-ж.) жана коло байгелеринин ээси (2021-ж.). Азия оюндарынын алтын (2023-ж.) жана коло байгелерин уткан (2018-ж.). Ал күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалында беш жолу күрөшүп, эки чемпионатта жеңишке жетсе, үч жолу күмүш байге алган (2020-ж., 2021-ж., 2023-ж.).

Медет кызы Олимп оюндарына экинчи жолу катышууда. 2021-жылы Токио Олимпиадасында 5-орунду ээлеген.

Бүгүн эркин күрөштөн 65 кг чейинки салмакта балбан Эрназар Акматалиев алгачкы атаандашы Исмаил Мусукаевге 11:0 эсебинде жеңилди.

125 кг чейинки салмакта кыргызстандык балбан Айаал Лазарев көңүл жубатуучу беттеште канадалык Амарвир Десини 5:0 эсебинде утту. Эми ал Олимпиаданын коло медалы үчүн түркиялык Таха Акгүл менен беттешет.

Андан сырткары кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова 62 кг чейинки салмакта коло медал үчүн күрөшөт.

Париж Олимпиадасына Кыргызстандан 16 спортчу жолдомо алган. Ушул тапта бир күмүш, төрт коло медалы менен Кыргызстан 80 өлкөнүн ичинен 70-орунда баратат. Олимпиада оюндары 11-августта жыйынтыкталат. (GT)

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндары, кыргыз спортчуларынын мелдештери тууралуу "Азаттыктын" "Париж-2024: Олимпиада жаңылыктары" баракчасынан окуңуз.

XS
SM
MD
LG