Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:46

Париж-2024: Эрназар Акматалиев алгачкы беттешинде жеңилди


Эрназар Акматалиев.
Эрназар Акматалиев.

Париж Олимпиадасында эркин күрөштөн 65 кг чейинки салмакта балбан Эрназар Акматалиев 1/8 финалда венгриялык атаандашы Исмаил Мусукаевге 11:0 эсебинде жеңилди.

31 жаштагы Мусукаев эркин күрөштөн дүйнөнүн жана Европанын чемпиону. Эгер ал мелдештин финалына чыкса Эрназар коло медал үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Акматалиев Олимп оюндарына экинчи жолу катышууда. Ал 2021-жылы Токио Олимпиадасында 12-орунду ээлеген. Быйыл Бишкекте өткөн Азия чөлкөмүнөн Олимпиадага тандоо мелдешинде 65 кг салмакта 1-орунду ээлеп, Париж Олимпиадасына жолдомо алды.

Эр жүрөк балбан Эрназар
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:44 0:00

Эрназар Акматалиев 26 жашта. Дүйнө чемпионатынын күмүш жана коло байгелеринин ээси (2021-ж., 2022-ж.). Азия чемпионатынын күмүш байгесинин ээси (70 кг, 2022-ж.) Жаштар арасында Азия чемпионатында дагы күмүш байге алган (2018-ж.) 23 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпиону (2021-ж.). Ibrahim Moustafa (2023), Bolat Turlykhanov Cup (2022) өңдүү бир нече эл аралык рейтингдик мелдештердин жеңүүчүсү.

Париж Олимпиадасына Кыргызстандан 16 спортчу жолдомо алган. Ушул тапта бир күмүш, төрт коло медалы менен Кыргызстан 80 өлкөнүн ичинен 70-орунда баратат. Олимпиада оюндары 11-августта жыйынтыкталат.

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндары, кыргыз спортчуларынын мелдештери тууралуу "Азаттыктын" "Париж-2024: Олимпиада жаңылыктары" баракчасынан окуңуз. (GT)

XS
SM
MD
LG