Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:06

Париж-2024: Айпери Медет кызы чейрек финалга чыкты


 Айпери Медет кызы.
Айпери Медет кызы.

Париж Олимпиадасында бүгүн, 9-августа кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта балбан Айпери Медет кызы 1\8 финалда кытайлык Ван Цзюань менен беттешип, 4:1 эсебинде утуп, чейрек финалга чыкты.

Кытайлык Ван Цзюань менен Медет кызы эки ирет беттешкен. Быйыл Хорватияда өткөн Zagreb Open рейтингдик мелдешинде, 2023-жылы Кытайда өткөн Азия оюндарында беттешип, экөөндө тең Айпери жеңишке жеткен.

Айпери Медет кызы, 25 жашта. Дүйнө чемпионатынын күмүш (2023-ж.) жана коло байгелеринин ээси (2021-ж.). Азия оюндарынын алтын (2023-ж.) жана коло байгелерин уткан (2018-ж.). Ал күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалында беш жолу күрөшүп, эки чемпионатта жеңишке жетсе, үч жолу күмүш байге алган (2020-ж., 2021-ж., 2023-ж.).

23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпиону (2022-ж), Дүйнө чемпионатынын алтын, коло байгелеринин ээси (2021-ж., 2019-ж.). Жаштар арасында Азиянын (2018-ж.) жана Дүйнөнүн чемпиону (2017-ж.). Ислам шериктештиги оюндарынын жеңүүчүсү (2022-ж).

Айпери Медет кызы: “Олимпиада чемпиону болгум келет”
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:54 0:00

Медет кызы Олимп оюндарына экинчи жолу катышууда. 2021-жылы Токио Олимпиадасында 5-орунду ээлеген.

Париж Олимпиадасына Кыргызстандан 16 спортчу жолдомо алган. Ушул тапта бир күмүш, төрт коло медалы менен Кыргызстан 80 өлкөнүн ичинен 70-орунда баратат. Олимпиада оюндары 11-августта жыйынтыкталат. (GT)

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндары, кыргыз спортчуларынын мелдештери тууралуу "Азаттыктын" "Париж-2024: Олимпиада жаңылыктары" баракчасынан окуңуз.

XS
SM
MD
LG