Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:29

Париж-2024: Балбан Айаал Лазарев коло медал үчүн күрөшөт


Айаал Лазарев.
Айаал Лазарев.

Париж Олимпиадасында эркин күрөштөн 125 кг чейинки салмакта кыргызстандык балбан Айаал Лазарев көңүл жубатуучу беттеште канадалык Амарвир Десини 5:0 эсебинде утту. Эми ал Олимпиаданын коло медалы үчүн түркиялык Таха Акгүл менен беттешет.

Таха Акгүл 10 ирет Европанын чемпиону болгон. Рио-де Жанейродо өткөн Олимп оюндарынын чемпиону. Эки ирет дүйнө чемпионатында алтын медал уткан.

Коло медал үчүн жана финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча 22:15те башталат.

9-августа килемге чыккан Лазарев алгачкы беттешинде ирандык балбан Амир Хоссейин Зареге 5:0 эсебинде жеңилди. Заре финалга чыгып, Лазаревге көңүл жубатуучу беттешке чыгууга жол ачылды.

Теги якутиялык Айаал Лазарев - 38 жашта. 2009-жылдан бери Кыргызстандын атынан мелдештерге катышып келет.

Азия оюндарынын коло байгесинин ээси (2023-ж.). Азия чемпиону (2015-ж.), эки күмүш (2021, 2024), үч коло медалдын ээси (2010-ж., 2013-ж, 2016-ж.). Олимп оюндарына ушуну менен үчүнчү жолу катышууда. 2016-жылы Рио-де-Жанейродогу Олимпиадада 15-орунду, 2021-жылы Токио шаарында өткөн Олимп оюндарында 16-орунду алган. 2020-жылы Сербиянын Белград шаарында өткөн Дүйнө кубогунда коло медал уткан.

Париж Олимпиадасына Кыргызстандан 16 спортчу жолдомо алган. Ушул тапта бир күмүш, төрт коло медалы менен Кыргызстан 74 өлкөнүн ичинен 66-орунда баратат. Олимпиада оюндары 11-августта жыйынтыкталат. (GT)

XS
SM
MD
LG