Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:14

Париж-2024: Айсулуу Тыныбекова коло медал үчүн күрөшөт


Айсулуу Тыныбекова менен Ирина Коляденко, 9-апрель, 2024-жыл
Айсулуу Тыныбекова менен Ирина Коляденко, 9-апрель, 2024-жыл

Париж Олимпиадасында кыз-келиндер күрөшүнөн 62 кг салмакта Айсулуу Тыныбекова коло байге үчүн күрөшөт. Ал 9-августта жарым финалда украиналык Ирина Коляденкого жеңилди (2:9).

Тыныбекова менен Коляденко буга чейин 2021-жылы дагы Токио Олимпиадасынын жарым финалында беттешип, ал таймашта Айсулуу 10:0 эсебинде уткан. Андан тышкары Айсулуу украиналык балбан кызды 2023- Ibrahim Moustafa аталышындагы эл аралык рейтингдик мелдешинде жарым финалда 2:0, 2023-жылы Дүйнө чемпионатынын чейрек финалында 2:2 эсебинде жеңген.

Ирина Коляденко 26 жашта. 2021-жылы Токио Олимпиадасында коло байге алган. Европанын эки жолку чемпиону. Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси.

23 жашка чейинкилер арасында Европа чемпиону жана дүйнө чемпионатынын эки коло, бир күмүш байгесин уткан.

Тыныбекова жарым финалдык беттешке чейин эки атаандашын утту. Алгач 1/8 финалда нигериялык Эстер Колаволени 5:1 эсеби менен утуп алган. 1/4 финалда америкалык балбан Кайла Колиин Мираклды упайлардын сапаты менен 6:6 эсебинде жеңди.

Эми ал 11-августка караган түнү 3-орун үчүн ким менен беттешери азырынча аныктала элек.

Тыныбекова Олимп оюндарына төртүнчү жолу катышууда. Ал үч жыл мурда Токио Олимпиадасында күмүш байге алган. 2012-жылы Лондон Олимпидасында 13-орунду, Рио-де-Жанейро Олимпиадасында 5-орунду ээлеген.

Париж Олимпиадасына фавориттердин катарында барган Тыныбекова 2023-жылдын башынан ушул күнгө чейин сегиз эл аралык мелдешке катышып, алты алтын, бир коло байге уткан. Учурда ал Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) рейтингинде 62 кг салмакта биринчи орунда турат.

Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн Дүйнөнүн үч жолку, Азиянын алты жолку чемпиону. Эл аралык ондогон мелдештерде байгелүү орундарды жеңген. Күрөш дүйнөсү уюму (UWW) Тыныбекованы кыз-келиндер күрөшүнөн 2023-жылдын мыкты балбаны деп тапкан.

Бүгүн Париж Олимпиадасында эркин күрөштөн 57 кг салмакта Бекзат Алмаз уулу коло байге үчүн өзбек балбаны Гуломжон Абдуллаев менен беттешет.

Париж Олимпиадасына Кыргызстандан 16 спортчу жолдомо алган. Учурда бир күмүш, төрт коло медалы менен Кыргызстан 74 өлкөнүн ичинен 65-орунда баратат. Олимпиада оюндары 11-августта жыйынтыкталат.

XS
SM
MD
LG