Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

Израил армиясы Газаны бомбалоону улантууда


Газа шаары Израил армиясынын соккусунан кийин. 3-август, 2024-жыл.
Газа шаары Израил армиясынын соккусунан кийин. 3-август, 2024-жыл.

Жума күнү Газанын борборундагы Нусейрат качкындар лагериндеги турак үйгө дүрмөт тийип, төрт киши каза тапты, бир нечеси жарадар болду.

Рейтер агенттиги Ал-Магази, Жабалия, Хан-Юнис жана Рафах шаарларында дагы төрт палестиналык набыт кетти.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин ок атууну токтотууну талап кылган резолюцияларына карабай, Израилдин армиясы тилкени бомбалап жатат.

АКШ, Египет жана Катар Израил менен ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобун эмки жумада Газадагы согушту токтотуу сүйлөшүүлөрүнө кайтууга чакырды. Алардын айтымында, ок атышпоонун жана барымтадагыларды боштуунун деталдарын талкуулоо гана калды. “Убакытты мындан ары текке кетире албайбыз, тараптардын сүйлөшүүлөрдү создуктурган шылтоолорун актоого болбойт”, - деп айтылат биргелешкен билдирүүдө.

Associated Press агенттиги жазганына караганда, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси сүйлөшүүлөргө өз делегациясын жөнөтөрүн билдирди. Премьердин сынчылары ал Газадагы согушка чекит коюу аракеттерин жай жүргүзгөнүн айтышат.

Ал эми ХАМАС сүйлөшүүлөрдү улантуу сунушуна жооп бере элек. Топтун саясий лидери Исмаил Хания өткөн жумада Тегеранда өлтүрүлгөндөн кийин региондогу кырдаал чыңалып кетет деген кооптонуулар айтыла баштаган. Кол салуу артында Израил турат деп айтылганы менен, жөөт мамлекетинин бийлиги ал окуяны комментарийлеген жок.

6-августта ХАМАС Ханиянын ордуна Яхья Синварды дайындаган. Израил аны былтыркы 7-октябрдагы кол салуунун башкы уюштуруучусу деп эсептейт. Топтун согушкерлери Израилге кирип барып, 1200дөй кишини өлтүрүп, 240тай адамды барымтага алып кеткен. Ошондон кийин ХАМАС палестиналык анклавда аскердик операция баштаган. Соңку он ай ичинде анклавдын Саламаттык сактоо башкармалагы билдиргендей, 40 миңге жакын кишинин өмүрү кыйылды.

Кан төгүүнү токтотуу, барымтада кала берген 100дөн ашуун кишини бошотуу аракеттеринен майнап чыкпай келатат.

XS
SM
MD
LG