Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:15

Аба ырайы: Бир катар аймактарда нөшөр жаайт


12-августка чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөргө байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

10-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу районорунда, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Баткен облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда нөшөр жаашы мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күңдүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 20…25, күндүз 29…34;

Таласта түнкүсүн 14…19, күндүз 27…32;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 21…26, күндүз 31…36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 23…28;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 25…30.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 22…24°, күндүз 31…33° жылуу болот.

Чолпон-Атада түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18°, күндүз 23…25° жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 8-августта күндүз 23,9°, 9-августта эртең менен 21,6° түздү.

XS
SM
MD
LG