Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:11

Азербайжанда оппозициялык партиянын лидери Али Керимлиге каршы кылмыш иш козголду


Али Керимли. Архивдик сүрөт
Али Керимли. Архивдик сүрөт

Азербайжандын бийлиги оппозициядагы "Азербайжандын улуттук фронту" партиясынын лидери Али Керимлиге каршы иш козгоду.

“Азаттыктын” азери кызматы маалымдагандай, саясатчы акаарат келтирүү жана жала жабуу беренелери менен айыпталууда. Керимли дооматтарды четке кагып, муну “репрессивдүү машинанын кезектеги калпы” деп атады.

Сот отуруму 13-августа өтмөкчү.

"Азербайжандын улуттук фронту" 1-сентябрдагы эрте парламенттик шайлоону бойкоттогон жападан жалгыз саясий партия. Алар эркин жана калыс шайлоо өткөрүүгө шарт түзүлбөгөнүн айтышат.

1994-жылы тартип коргоочулар Керимлинин жанынан жардыргыч зат табылды деген жүйө менен ага каршы кылмыш ишин козгошкон. 2006-жылы ошол ишке таяп, ага сырткы паспорт бербей коюшкан.

2015-жылы Европанын адам укуктары боюнча соту чыгарган чечимде паспорт берүүдөн баш тартуу Европанын конвенциясындагы жарандардын эркин жүрүү нормасына каршы келери айтылып, Бакуну Керимлиге 8600 евро кенемте төлөөгө милдеттендирген.

Февралдагы президенттик шайлоону бийликти атасынан мурастап алган, 20 жылдан бери мунайга бай өлкөнү бийлеп келаткан Илхам Алиев жеңген. Оппозиция, анын ичинде Керимли ал өнөктүк чыныгы атаандаштыксыз өткөнүн сындаган.

Эл аралык уюмдар азери бийлигин оппозицияны жана эркин журналисттерди куугунтуктаганы үчүн сындап келет.

Баку айыптоолорду четке кагууда.

XS
SM
MD
LG