Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:15

Липецкиде аскердик аэродром өрттөнүп жатканы кабарланды


Иллюстрация
Иллюстрация

Орусиянын Липецк шаарынын жанында пилотсуз учактардын чабуулунан аскердик аэродромдо өрт тутанганын Чукул кырдаалдар министрлигинин регионалдык башкармалыгы кабарлады.

Astra телеграм-каналынын маалыматына ылайык, аэродромдо ок-дары сакталган кампаны өрт чалды.

Облус губернатору Игорь Артамонов таңкы билдирүүсүндө сокку тууралуу сөз кылган жок. Анын айтымында, Липецк дрондордун жапырт чабуулуна кабылды, “жарандык имараттардан алыс орун алган” жардыруучу заттар жайында детонация болду. Анын кесепетин жоюу үчүн өзгөчө кырдаал режими киргизилди, коомдук транспорт иштебей, иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынды.

Маалыматка караганда, аэродромдун жанындагы 4 айылдын тургундары эвакуацияланып жатат.

Губернатор Липецкиде энергетикалык инфраструктуранын объектиси жабыркаганын, 5 кичи район бир нече саатка электр жарыгысыз калганын кошумчалады. Чабуулдан кеминде 9 киши жарадар болду.

Орусиянын Коргоо министрлиги жумага караган түнү Липецк облусунда 10 пилотсуз учак атып түшүрүлгөнүн билдирди. Андан тышкары Белгород, Курск, Брянск, Воронеж жана Орел аймактарында 26, аннексияланган Крымда 5 дрон жок кылынганы маалымдалды.

Согуш шартында мындай билдирүүлөрдү текшерүү мүмкүн эмес.

Киев бийлиги Липецкидеги чабуул тууралуу билдирүү жасаган жок.

Анын алдында, 6-августта Украина менен чек арага жакын жайгашкан Курск облусуна чабуул жасалган. Ошондон бери салгылашуу уланууда.

Айрым телеграм-каналдар украин армиясы бир нече кыштакты ээлегенин жазышкан. Орусиянын Коргоо министрлиги украиналык бир миңдей аскери, 20дан ашуун танк жана брондолгон машине менен кирип барганын кабарлаган. Президент Владимир Путин Киевди “масштабдуу чагымчылдык” үчүн айыптады.

Бирок окуянын чоо-жайы бүдөмүк калууда. Украин бийлиги операция тууралуу маалыматты расмий бышыктаган жок. Бирок президент Владимир Зеленский 8-августтагы кечки кайрылуусунда Орусия кол салуусунун кесепетин “сезиши” керек деп айтты.

XS
SM
MD
LG