Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:40

УКМК Эркин Мамбеталиев кармалганы жөнүндө маалымат берди


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кримтөбөл Эркин Мамбеталиевдин кармалганы боюнча маалымат берди.

Атайын кызматтын басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Мамбеталиев кримтөбөл Рысбек Акматбаев, Камчы Көлбаев менен байланышта болуп, аларды колдоосу менен коммерциялык жеке маселелерин чечкени аныкталган.

“Мамбеталиев узак убакыт бою кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) боюнча иш-аракеттерди жүргүзүп, көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү, батир, жер тилкелерди, коммерциялык объекттерди, кымбат баалуу автомобилдерди жакын туугандарына каттаган жана алардын көпчүлүгүнүн эч кандай уруксат берүүчү документтери жок болгон”, - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

УКМК анын ок атуучу бардык куралдары алынып, 4 млн. доллардан ашык мыйзамсыз жол менен табылган мүлкү аныкталганын билдирди. УКМК анын кармалганы жана мүлктөрүнүн сүрөтүн жарыялады.

Учурда Эркин Мамбеталиев Кылмыш жаза кодексинин 261-беренесинин (“Уюшкан топко катышуу”) боюнча Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Эркин Мамбеталиев 8-августта Бишкектин көчөлөрүнүн биринде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери тарабынан кармалганы кабарланган.

Эркин Мамбеталиев - Кыргызстандын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп шек саналып, оор кылмыштарга айыпталып, өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган, бир эмес, эки жолу абактан бошоп чыккан.

Айрым маалыматтарга караганда, Мамбеталиев мурда кримтөбөл Рысбек Акматбаевдин, ал өлгөндөн кийин Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна мүчө болгону айтылат. (TSh)

XS
SM
MD
LG