Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:08

Кыргызстандын Олимпиада комитети Париждеги спортчулардын шарты боюнча жооп берди


Олимпиада айылчасындагы кыргыз спортчулары жашаган жер. Улуттук олимпиада комитети тараткан сүрөт.
Олимпиада айылчасындагы кыргыз спортчулары жашаган жер. Улуттук олимпиада комитети тараткан сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин баш катчысы Кылыч Сарбагышев Париждеги спортчулар бардык тамак-аш менен жетиштүү камсыз болгонун билдирди. Сарбагышев кошумча азык-түлүк дагы алынганын айтты.

“Чынында биринчи күндөрү Олимпиада айылчасындагы ашканада кезек болуп жатты. Уюштуруу комитети атлеттердин кайрылууларын эске алып, тамак-аштын көлөмүн жана сапатын жакшыртты. Машыктыруучулардын айтымында, азыркы учурда салат, жер-жемиш, мөмө-жемиш жана экинчи тамактар жетиштүү. Андан сырткары Улуттук олимпиада комитети спортчуларга кошумча улуттук тамактарды – шорпо, жаңы бышкан эт жана тооктун этин уюштурдук”, - деди Сарбагышев.

Сарбагышев машыктыруучулардын суранычы менен бардык спортчулар эки жана бир орундуу бөлмөлөргө жайгаштырылганын билдирди. Учурда 16 спортчуга эки дарыгер, эки массажист бар.

Социалдык тармактарда спортчулардын тамак-ашы жөнүндө талкуу болуп жатат.

Париж Олимпиадасына Кыргызстандан 16 спортчу жолдомо алган. Учурда бир күмүш, төрт коло медалы менен Кыргызстан 74 өлкөнүн ичинен 60-орунда баратат. Олимпиада оюндары 11-августта жыйынтыкталат. (TSh)

XS
SM
MD
LG