Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:27

Мурдагы министр Дыйканбаев тилкат менен абактан чыкты


Азамат Дыйканбаев.
Азамат Дыйканбаев.

Президенттик аппарат Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары – мурдагы санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаев эч жакка кетпөө тилкаты менен тергөө абагынан чыкты.

Бул тууралуу анын жактоочусу Кайсын Абакиров кабарлады. Дыйканбаевдин бөгөт чарасы Биринчи май райондук сотунда 7-августта каралган.

Жактоочусунун маалыматына ылайык, Дыйканбаев 17-майда камакка алынган. Ага Бажы кызматындагы маалыматтык системаны колдонуп, товар экспорттоодо мыйзам бузган деп айып коюлган.

2021-жылы 20-майда Азамат Дыйканбаев ири өлчөмдө пара талап кылууга шектүү катары кармалып, атайын кызматтын тергөө абагында үч ай жаткан. Адвокаты ал кийин сотто акталганын билдирди.

Анда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Дыйканбаев “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырып жаткан чет өлкөлүк компаниядан келишимдин мөөнөтүн узартуу маселесин оңунан чечип берүү үчүн пара талап кылган деп шек саналып жатканын билдирген.

35 жаштагы Дыйканбаев кызматка эки апта мурда дайындалган. Ага чейин ал Байланыш боюнча мамлекеттик агенттикти жетектеп турган. (TSh)

XS
SM
MD
LG