Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:02

Орусия украин күчтөрү Курск аймагына киргенин билдирди


Суджа. 2024-жылдын 6-августу.
Суджа. 2024-жылдын 6-августу.

Орусия президенти Владимир Путин Украина менен чек арадагы Курск облусундагы соңку окуяларды “масштабдуу чагым” деп атады. Бүгүн 7-августта өкмөттүн жыйынында сүйлөп жатып ал:

«Киевдик режим кезектеги масштабдуу чагым аракетин көрдү. Жарандык имараттарды, турак жайларды жана тез жардам машиналарын куралдын ар кандай түрүнөн, анын ичинде ракеталык куралдан ылгабай атып жатат”, - деп айтты.

Украина президенти Владимир Зеленский 7-августта кезектеги кечки видео кайрылуусунда Курск облусундагы окуялар тууралуу эч нерсе айткан жок. Болгону, Орусияга басым жасоону уланта берүү керектигин белгиледи жана украин аскерлерине «коргоодогу кайраты жана туруктуулугу үчүн» деп рахмат айтты.

«Бул фронт тилкесине да, Покровск, Торец, Лиман, Харьков, оккупанттын чабуулунан коргонуубуз уланып жаткан бардык багыттарга тийиштүү. Украинага согуш алып келген агрессор Орусияга басым канчалык көп болсо, тынчтык – адилет күч менен жетишилген адилет тынчтык ошончолук жакын болот», - деди ал.

Украина Курск менен чектеш тилкедеги Сумы облусунда 23 калктуу пунктта элди милдеттүү түрдө эвакуация жүргүзө баштады.

Ушул эле күнү орус президенти Владимир Путиндин коргоо министри Андрей Белоусов, ФСБ директору Александр Бортников менен өткөргөн кеңешмесинде сүйлөп жатып Орусиянын Башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн чек арадагы райондордогу алдыга жылуусу токтотулганын айтты.

«Душмандын Курск багытындагы аймакта алдыга тереңирээк илгерилөөсү токтотулду», — деди Герасимов.

Курск облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Алексей Смирнов аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланганын айтты:

«Курск облусунда ыкчам абал оор бойдон сакталууда. Аймакка душмандын кирүүсүнүн кесепетин жоюу үчүн 7-августтан тартып өзгөчө кырдаал режимин жарыялоо тууралуу чечим кабыл алынды».

Курск облусунун Суджа районунда жайгашкан эркектер монастырынын башчысы аткылоодон имарат талкаланганын, ичиндеги бир киши каза болгонун билдирди.

Андан мурдараак Суджада тез жардам машинасына дрон менен сокку урулуп, айдоочусу жана фельдшер каза болгонун Алексей Смирнов маалымдаган. Ошондой эле ал аймактагы медициналык жайларда донорлук кан запасын толуктоо үчүн элди кан тапшырууга чакырган.

Орусиялык блогерлер украин аскерлери 6-августта Суджа районуна кирип барганын, чек арадагы бир нече кыштакты (Николаево-Дарьино, Дарьино жана Свердликовону) ээлеп, Орусиянын аймагын көздөй кире баштаганын жазышкан. "Два майора" телеграм-каналы украин армиясы жалпысынан 11 калктуу пунктту ээлеп, болжол менен 15 чакырым алдыга жылганын шейшембинин кечинде маалымдаган.

Курск облусунун башкы хирургу Андрей Локтионов 28 жергиликтүү тургун жабыркаганын билдиргенин ТАСС маалымат агенттиги жазган. Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Мария Львова-Белова жабыркагандардын алтоо балдар экенин айткан.

Кээ бир кыштактарда орусиялык аскерлер толук курчоодо калганы, айрымдары туткунга түшүп жатканы да кабарланган.

Блогерлердин жазгандары боюнча Орусия да, Украина да расмий комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG