Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:30

Париж-2024: Акжол Махмудов коло медал утту


Акжол Махмудов Париж Олимпиадасынын көңүл жубатуучу беттешинде. 7-август, 2024-ж. Париж, Франция.
Акжол Махмудов Париж Олимпиадасынын көңүл жубатуучу беттешинде. 7-август, 2024-ж. Париж, Франция.

Париж Олимпиадасында кыргызстандык балбан Акжол Махмудов коло медал утту. Ал 7-августта грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмакта 3-орун үчүн беттеште азербайжандык Санан Сулеймановду 6:5 эсебинде жеңди.

Акжол Махмудов эки жолку Олимп оюндарында медал утту. Ал өткөн Токио Олимпиадасында финалга чыгып, күмүш медал алган эле.

Буга чейин мындай ийгиликке балбан Мээрим Жуманазарова жеткен. Жуманазарова кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта Токио Олимпиадасында коло байге алса, Парижде финалга чыгып, күмүш медал тагынды.

Махмудов коло медал үчүн күрөшкөн атаандашы Сулейманов менен бир жыл мурда Сербияда өткөн Дүйнө чемпионатынын финалында беттешип, жеңип алган (1:1).

Акжол Махмудов Париж Олимпиадасында жалпысынан төрт беттеш өткөрдү. 6-августта 1/8 финалда АКШ балбаны Камал Амир Бейди 4:1 эсеби менен утуп, чейрек финалда казакстандык Демеу Жадраевге 1:3 эсебинде жеңилди. Жадраев финалга чыгып, Акжол коло байгеге ат салышууга мүмкүнчүлүк алган. Ошентип 7-августта көңүл жубатуучу беттеште колумбиялык Алексис Муньозду 9:0 эсебинде утуп , Олимпиаданын коло байгеси үчүн таймашка чыкты.

25 жаштагы Акжол Махмудов - грек-рим күрөшүнөн Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси (2021), Дүйнөнүн эки жолку, Азиянын үч жолку чемпиону. Эл аралык ондогон мелдештерде байгелүү орундарды жеңген. Кадеттер арасында дүйнө чемпиону (2016), жаштар арасында дүйнө чемпионатынын күмүш (2017) жана коло байгелеринин ээси (2018), уландар жана жаштар арасында Азия чемпиону (2016, 2017).

Бүгүн Акжол Махмудовдон сырткары грек-рим күрөшүнөн 97 килограмм салмакта Үзүр Жузупбеков коло байге үчүн Мохамед Габр менен беттешет.

Кыргызстандан бул Олимпиада оюндарына спорттун беш түрүнөн 16 спортчу катышууда.

Учурда Кыргызстандын капчыгында Париж олимпиадасынын бир күмүш, эки коло медалы бар. Кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта Мээрим Жуманазарова күмүш медалга ээ болду. Грек-рим күрөшүнөн балбан Жоламан Шаршенбеков 60 килограмм салмакта коло медал утту. Бир күмүш, эки коло байге менен медал алган 70 өлкөнүн арасынан Кыргызстан 55-орунда баратат.

Буга чейин дзюдочулар Эрлан Шеров, Кубанычбек Айбек уулу, суучулдар Денис Петрашов менен Елизавета Печерских мелдештерин жыйынтыктаган. Грек-рим күрөшүнөн 67 килограмм салмакта Амантур Исмаилов 8-августта көңүл жубатуучу таймашка чыгат. Ал алгач грузиялык Рамаз Зоидзени жеңип, чейрек финалда украиналык Парвиз Насибовго жеңилди. Украин балбаны финалга чыгып, Исмаиловго коло байге үчүн күчүн сыноого жол ачылды.

Ал эми мушкер Мунарбек Сейитбек уулу бокстан мелдештин жарым финалына чыкты. Эми ал 9-августка караган түнү болгариялык Хавьер Ибаньес Дияс менен беттешет. Оюндар 12-августка чейин уланат. Алдыда балбандар Бекзат Алмаз уулу, Айсулуу Тыныбекова, Эрназар Акматалиев, Айпери Медет кызы, Айаал Лазарев жана марафончу Сардана Трофимова мелдештерге катышат. (ECh/GT)

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндары, кыргыз спортчуларынын мелдештери тууралуу "Азаттыктын" "Париж-2024: Олимпиада жаңылыктары" баракчасынан окуңуз.

XS
SM
MD
LG