Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:59

Орусияда армияны сындаган блогер эркинен ажыратылды


Андрей Куршин.
Андрей Куршин.

Москва сотунун өкүмү менен Moscow Calling телеграм-каналынын администратору Андрей Куршин 6,5 жылга эркинен ажыратылганын, ал орусиялык аскерлер тууралуу «фейк» маалымат тараткан деп табылганын бүгүн 7-августта "Медиазона" жазды.

Кылмыш ишинин козголушуна анын телеграмдагы бири Украинада Кривой Рогдогу дамбанын аткыланышы, экинчиси Запорожье облусунун Вольнянск шаарындагы төрөт үйүнө ракеталык чабуул коюлганы тууралуу эки посту себеп болгон.

Куршинди 2023-жылдын август айында кармап кетишкен. Ал коюлган айыпты дароо моюнуна алган, тергөө учурунда үй камагында жүргөн. Өзү телеграмдагы постторунда Орусиянын куралдуу күчтөрүнө карата жек көрүүчүлүк мамилеси болбогонун билдирген.

Moscow Calling каналынын 50 миңдей катталуучусу бар. Анда Орусиянын Украинадагы согушу тууралуу маалыматтар жарыяланып келет, айрымдарында сын айтылган. Вольнянск төрөт үйүнө жасалган чабуул аталган каналда «Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн аскердик кылмышы» деп аталган.

Орусия Украинага 2022-жылдын 24-февралында кол салган. Март айында бул өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексинде орус аскерлеринин Украинанын аймагындагы кылмыштары тууралуу жазгандарды, согушту токтотууга чакыргандарды айыптоого мүмкүнчүлүк берүүчү «фейктер» жана «дискредитация» (жаманатты кылуу) тууралуу беренелер пайда болгон.

2023-жылы Орусиянын сотторунда армияны жаманатты кылуу тууралуу 2870 административдик иш каралган, жалпысынан согуш башталгандан бери мындай иштердин саны 8386ге жеткенин «Сибирь.Реалии» быйыл март айында жазган. (RK)

XS
SM
MD
LG