Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:01

Lufthansa Жакынкы Чыгышка каттамдарын убактылуу токтотту


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Германиянын Lufthansa авиакомпаниясы Иранга, Израилге, Иракка, Ливанга жана Иорданияга аба каттамдарын убактылуу токтотуп жатканын жарыялады. Буга Жакынкы Чыгыштагы абалдын чыңалышы уланып жатканы себеп экени белгиленди.

«Коопсуздук боюнча учурдагы абалдын анализине таянып Lufthansa Group Жакынкы Чыгыштагы кызматын өзгөртүүдө. Амман, Бейрут, Эрбил, Тегеран жана Тел-Авивге каттамдардын баары 13-августка чейин токтотулду», — деп айтылды авиакомпаниянын 7-августтагы билдирүүсүндө.

Аймактагы кырдаал курчуйт деген кооптонуу 31-июлга караган түнү Ирандын борбору Тегеранда ХАМАС палестин тобунун (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) саясий лидери Исмаил Хания каза болгондон кийин күчөгөн.

Иран Ханиянын өлүмүнө алып келген чабуул үчүн Израилди айыптап, “катаал жаза” болорун билдирген. Израилдик аскерлер бул чабуул үчүн жоопкерчиликти алган эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG