Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:15

Украина Орусия учурган 30 дрондун баарын атып түшүргөнүн билдирди


Украина. Херсон. Архивдик сүрөт.
Украина. Херсон. Архивдик сүрөт.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрү 7-августка караган түнү Орусиянын ондогон учкучсуз учагынын чабуулуна кабылганын билдирди. Мекеменин командачысы Николай Олещуктун маалыматына караганда, 30 дрон учурулду, украин абадан коргонуу системасы анын баарын атып түшүрүүгө үлгүрдү.

Дрондор Киев, Хмельницкий, Винница, Николаевск, Херсон, Харьков жана Черкасск облустарында кармалганы маалымдалды.

Киев облустук администрациясынын башчысы Руслан Кравченко орус армиясынын Киев облусуна жасалган түнкү чабуулунан бир киши жараат алганын, 22 үй талкаланганын кабарлады.

«Душман биздин облуска чабуул коюу аракетин үч түн катары менен токтотпой келе жатат. Бул жолу Киев аймагына учкучсуз учактар менен кол салуу болду. Абадан эскертүү түнү менен, дээрлик сегиз саат бою уланды. Аймакта абадан коргонуу күчтөрү иштеп жатты», — деп жазды Кравченко Телеграм-каналына.

Херсон облусунда көп кабат үйгө сокку урулганын, бир аял жараат алганын, имараттар талкаланганын округдук прокуратура 7-августта кабарлады. Бул аймакка каршы, украин тарап билдиргендей, жапырт аткылоочу реактивдүү система колдонулду.

Хмельницкий облусунда бир нече жолу жарылуу болгонун «Суспільне» басылмасы жазды.

Орусия Украинага каршы 2022-жылы февралда ачкан согушун "атайын аскердик операция" деп атаган жана анын аскердик объектилерин гана бутага алып жатканын айтып келет. Украин бийлиги орусиялык аскерлердин соккусунан жарандары курман болуп, социалдык инфраструктурасы кыйрап жатканын билдирүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG