Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:01

Токтогул ГЭСиндеги №1 агрегатты оңдоо иши уланууда


№1 гидроагрегатты оңдоо иштери. Токтогул ГЭСи. Август, 2024-жыл. Энергетика министрлигинин сүрөтү.
№1 гидроагрегатты оңдоо иштери. Токтогул ГЭСи. Август, 2024-жыл. Энергетика министрлигинин сүрөтү.

Токтогул ГЭСиндеги №1 гидроагрегатты оңдоо иштери 50% аткарылды. Жылуулук сезонуна чейин оңдоо иштерин толук бүтүрүү үчүн иш жүрүп жатканын Энергетика министрлиги 7-августта маалымдады.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, реконструкция иштери башталган беш айда №1 гидроагрегаттын негизги жабдуулары жана көмөкчү системалары толугу менен демонтаждалып, кампага чыгарылды. Камтылган бөлүктөрүн даярдоо жана ГА-1 турбинасын монтаждоо иштери аяктады.

Бүгүнкү күндө генераторду монтаждоо, жаңы кубаттуулугу ️15,75 кВ жаңы ток өткөргүчтөрдү орнотуу, жаңы электр, көзөмөлдөө жана өлчөө кабелдер жайгаштырылуучу жаңы кабелдик текчелерди орнотуу жана башка иштер уланып жатат.

Өлкөнүн башкы энергетика булагы болуп саналган Токтогул ГЭСин реконструкциялоо - эскилиги жеткен жабдууларды алмаштырып жаңылоо, ГЭСтин иштөө мөөнөтүн узартуу жана станциянын кубаттулугун көбөйтүү максатында жүргүзүлүүдө.

"ГЭСтин №1 гидроагрегаты жаңыланган соң, ГЭСтин жалпы кубаттуулугуна дагы 60 МВт кошулат. Бул күз-кыш мезгилинде керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз жана туруктуу камсыздоого өбөлгө түзөт", - деп жазылган маалыматта.

“Электр станциялары” ишканасына караштуу Токтогул гидроэлектрстанциясынын (ГЭС) №1 гидроагрегаты 5-марттан тартып реконструкцияга берилип, токтотулган. Энергетика министрлиги 2024-2025-жылдагы күз-кыш мезигилине чейин үлгүрүү үчүн реконструкция мындан кечеңдетилбеши керектигин белгилеген. Оңдоодон өткөн соң аны кайрадан ишке киргизүү көп убакытты талап кылат.

Токтогул ГЭСинде төрт агрегат бар. №4 агрегат 2022-жылы жана №2 агрегат 2023-жылы оңдоодон өткөн. №3 агрегат 2025-жылы реконструкцияланышы керек.

ГЭСтин жалпы кубаттуулугу ушул маалга чейин 1200 мВт деп эсептелген. Соңку жаңылоолордон кийин станциянын күчү 1320 мВт чекке жетти. Реконструкциялоо жана модернизациялоо иштери толук аяктаса, анын кубаттуулугу 1440 мегаваттка көбөйөт деп пландалган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG