Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:59

Өкмөт 8500 үй-бүлө менен социалдык келишим түздү


Сертификат. Иллюстрациялык сүрөт.
Сертификат. Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл Кыргызстандагы аз камсыз болгон 8500 үй-бүлө кыргыз өкмөтүнөн "Социалдык келишим" долбоорунун алкагында 100 миң сомдон алышты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, мунун ичинен Ош облусунда 2422 жана Жалал-Абад облусунда 1915 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилген. Талас облусунда 915 үй-бүлөгө, Ысык-Көл облусунда 826, Чүйдө 821, Нарында 820, Баткенде 585, ал эми Бишкек шаарында 101, Ош шаарында 95 үй-бүлө өкмөт менен "Социалдык келишим" түзгөн.

2022-жылы 2800 адам, 2023-жылы 10 миң адам мамлекеттен ушул багытта көмөк алган.

2024-жылы өкмөт 2 млрд сом бөлгөн, бул 20 миң адамга жетет. Дүйнөлүк банктын жардамы менен дагы 3 миң үй-бүлө, ошондо жалпы 23 миң киши быйыл бизнес үчүн 100 миң сомдон старттык каражатка ээ болмокчу.

Статистикалык комитеттин эсеби боюнча, Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 2019-жылы 20% чейин түшкөн. 2020-жылы пандемиядан улам бул көрсөткүч 25% чыгып, 2021-2022-жылдары 33% чейин жогорулап кеткен. Бул өлкө калкынын үчтөн бир бөлүгү жакыр жашайт дегенди түшүндүрөт.

“Социалдык келишим” долборунун алкагында жардам алгандардын 95,8% айыл жеринде жашаган аялдар түзөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG