Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:48

Президент Олимпиадада коло медал алган Жоламан Шаршенбековду куттуктады


Жоламан Шаршенбеков.
Жоламан Шаршенбеков.

Президент Садыр Жапаров Париж Олимпиадасынын коло медалын уткан Жоламан Шаршенбековду куттуктады. Анын балбан менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүн президенттин басма сөз кызмат жарыялады.

Анда президент Шаршенбековдун коло медал алганы чоң ийгилик экенин белгилеген.

“Биз сенин ар бир кармашыңды бир дем менен көрүп жаттык. Эли-журтуң сен ийилсең ийилип, сени менен жан бирдей болуп жатты. Албетте, Олимпиада деген дүйнөлүк мелдеш. Дагы далай жолу катышасың. Ийгилик ушуну менен эле токтоп калбайт. Сенин келечегиң али алдыда. Дагы далай алтын, күмүш медалдарды багындырасың!” – деди Садыр Жапаров.

Шаршенбеков кыргызстандыктарга ыраазычылыгын билдирди.

Спортчу 6-августта грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта коло медал утту. Бул Кыргызстандын Париж Олимпиадасындагы алгачкы байгеси болду.

Шаршенбеков 6-августта 3-орун үчүн беттеште ирандык Мехди Мохсен Нежадды 3:1 эсебинде жеңди. Жарым финалдык беттеште жапон балбаны, Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Кеничиро Фумитага 3:4 эсебинде жеңилип калган.

Жоламан Шаршенбеков 25 жашта. Грек-рим күрөшү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону, эки жолку күмүш байгесинин ээси. Азиянын үч жолку чемпиону жана эки жолку күмүш байгесинин ээси. Азия оюндарынын жеңүүчүсү. Жайкы Олимп оюндарына экинчи жолу катышууда. 2021-жылы Токиодо болгон оюндарда 7-орунду ээлеген. (TSh)

XS
SM
MD
LG