Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:09

Париж-2024: Мээрим Жуманазарова күмүш медал тагынды


Мээрим Жуманазарова Париж Олимпиадасынын жарым финалында. 5-август, 2024-ж.
Мээрим Жуманазарова Париж Олимпиадасынын жарым финалында. 5-август, 2024-ж.

Кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта Мээрим Жуманазарова күмүш медалга ээ болуп, Кыргызстандын эгемендик тарыхындагы Олимпиадада эки жолу байге алган алгачкы спортчу болду.

Ал финалда дүйнөнүн эки жолку чемпиону, америкалык Эмит Элор менен беттешип, 0:3 эсебинде жеңилди.

24 жаштагы Мээрим Жуманазарова Токио Олимпиадасында коло медал уткан. Кыз-келиндер күрөшүнөн дүйнөнүн жана Азиянын чемпиону (2021), Азия оюндарынын коло медалын (2018) жеңген. Эки ирет Азия чемпионатынын күмүш (2022), коло (2018, 2019) байгелеринин ээси. Ал Олимпиада оюндарынын финалына чыккан кыргызстандык экинчи балбан кыз.

Париж Олимпиадасынын финалдык беттешине чейин Жуманазарова 5-августта үч беттеш өткөрдү. Алгач 1/8 финалда монголиялык Дэлгермаа Энхсайханды 8:3, чейрек финалда жапониялык Нонока Озакини 8:6, жарым финалда нигериялык Блессинг Оборудуду 3:1 эсебинде жеңген.

Мээрим Жуманазарованын байгеси XXXIII жайкы Олимп оюндарындагы Кыргызстандын экинчи байгеси. Буга чейин грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта Жоламан Шаршенбеков коло медал тагынган.

Кыргызстандан бул Олимпиада оюндарына спорттун беш түрүнөн 16 спортчу катышып жатат. Буга чейин дзюдочулар Эрлан Шеров, Кубанычбек Айбек уулу, суучулдар Денис Петрашов менен Елизавета Печерских мелдештерин жыйынтыктаган.

Ал эми мушкер Мунарбек Сейитбек уулу бокстон мелдештин жарым финалына чыкты. Эми ал 9-августка караган түнү саат 1:46да жарым финалда болгариялык Хавьер Ибаньес Дияс менен беттешет.

Париж Олимпиадасында мелдештер 12-августка чейин уланат. Алдыда кыргыз спортчулары грек-рим күрөшү, кыз-келиндер күрөшү, эркин күрөш жана марафондон мелдештерге катышат. 7-августта грек-рим күрөшүнөн 67 килограмм салмакта кыргызстандык Амантур Исмаилов килемге чыгат.

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндары, кыргыз спортчуларынын мелдештери тууралуу "Азаттыктын" "Париж-2024: Олимпиада жаңылыктары" баракчасынан окуңуз.

XS
SM
MD
LG