Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:07

Украина Орусиянын ракета жана дрон чабуулуна кабылганын билдирди


Украина.
Украина.

Украина шейшембиге караган түнү жана эртең менен Орусиянын чабуулдарына кабылганын, бир нече киши жардам сурап кайрылганын, жарандык инфраструктурага зыян келтирилгенин билдирди.

6-августта эртең менен Харьков облусунун борбордук бөлүгү бутага алынганын жергиликтүү аскердик администрация башчысы Олег Синегубов жазды. Ал бир нече киши медициналык жардам сурап кайрылганын, уранды астында калгандар бар болушу ыктымал экенин айтты.

Шейшембиге караган түнү Орусия Украинанын аймагын баллистикалык ракеталар, башкарылуучу авиабомбалар жана согуштук дрондор менен аткылаганын өлкөнүн Аба күчтөрү маалымдады.

Киев, Херсон, Николаев жана Хмельницкий облустарынын аймагында "Искандер-М"/KN-23 баллистикалык ракеталарынан экөө, башкарылуучу Х-59 авиациялык ракеталарынан экөө жана учкучсуз учактардан 15и атып түшүрүлгөнү айтылды.

5-августтун кечинде Киев шаардык аскердик администрациясы Орусия Киевге жана шаардын чет жакасына ракеталык сокку урганын, абадан коргонуу системасы иштегенин, эч нерсе жабыркабаганын, адамдар да аман экенин кабарлаган.

Орусия учкучсуз учактын соккусунан бир жараны каза болгонун билдирүүдө. Украина менен чектеш Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков дрон транспорттук каражатка тийгенин жазды. Чек арадагы дагы бир аймак Курск облусунда учкучсуз учактын сыныктары түшүп, бир нече киши жараат алганы белгилүү болду. Жалпысынан, Курск облусунун губернатору Алексей Смирнов билдиргендей, 6-августта 26 дрон атып түшүрүлдү.

Орусия Украинага каршы 2022-жылы февралда ачкан согушун "атайын аскердик операция" деп атаган жана анын аскердик объектилерин гана бутага алып жатканын айтып келет. Украин бийлиги орусиялык аскерлердин соккусунан жарандары курман болуп, социалдык инфраструктурасы кыйрап жатканын билдирүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG