Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:13

Кыргызстанда 500дөн ашык курулуш компаниясынын лицензиясы токтотулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы 558 курулуш компаниясынын лицензиясы 90 күндүк мөөнөткө убактылуу токтотулду. Бул өкмөттүн былтыр декабрда № 678 токтому менен бекитилген "Ишкердиктин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" жаңы жобонун негизинде болгонун Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги маалымдады.

678-жобого ылайык, 2001-жылдын 31-майындагы 260-жобо күчүн жоготту деп табылган. Ошондой эле“ Лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамынын негизинде уруксат кагаздар үч деңгээлге бөлүнөт.

"2001-жылдын 31-майындагы № 260 жобо менен бекитилген бардык 4-деңгээлдеги 558 лицензиянын баары 90 күндүк мөөнөткө токтотулган. Бул аралыкта компаниялар курулуш ишин жүргүзүүгө укуксуз", - деп жазылган маалыматта.

Курулуш компаниялары жаңы жобого ылайык лицензия алуу үчүн белгиленген тартипте тиешелүү документтерди даярдап, Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине кайрыла алышат. 90 күн ичинде аталган агенттикке арыз түшпөсө, бул лицензиялар жокко чыгарылат.

Мекеменин жетекчиси Нурдан Орунтаев 5-августта билдиргендей, өлкөдө баш-аягы 7 миңдей ишканага лицензия берилген. Ушул тапта мунун 2 миңи гана иштейт.

Кыргызстанда мамлекеттик мекемелердин тиешелүү уруксат документтери жок турак жайларды, ар кандай имараттарды салып алган компаниялар бар. Алардын көбүндө адамдар жашап жатат. Буга байланыштуу аларды мыйзамдаштырууда маселелер жаралган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG