Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:37

Олимпиада-2024: Украина жетинчи медалын алды


Илья Ковтун.
Илья Ковтун.

Украина Франция борбору Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында 5-августка карата жалпысынан жети медалга ээ болду. Гимнаст Илья Ковтун дүйшөмбү күнү кытайлык спортчу Цзоу Цзинюанды жеңип, күмүш медал тагынды.

Бул Украинанын олимпиадалык спорттук гимнастика боюнча соңку сегиз жылдан берки алгачкы жана эгемендик жылдарынан берки 13-сыйлыгы.

Кечээ 4-августта украиналык спортчу Ярослава Магучих бийиктикке секирүүдө алтын алган. Ага чейин Украина бир алтын, бир күмүш жана үч коло медал уткан.

Украиналык спортчулар быйылкы Олимпиадага өлкөсү 2,5 жылдын бери Орусиянын агрессиясына каршы согушуп жаткан шартта катышууда. (RK)

XS
SM
MD
LG