Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:08

Министр кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки-үч айда жыйынтык болорун айтты


Кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагы. Архив.
Кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагы. Архив.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында эки өлкөнүн жарандары өткөн 2-3 транзиттик тилке боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал 5-августта министрликтин жарым жылдагы ишмердиги боюнча басма сөз жыйынында “Азаттыктын” журналистинин суроосуна жооп берип жатып айтты.

“Транзиттик аймактардан өтүүдө биздин жана алардын жарандарынын коопсуздугуна зыян тийбегендей болуш керек деп эки тарап сүйлөшүп жатат. Алардын (Тажикстандын) да, биздин (Кыргызстандын) да сунуштар бар. Ал сунуштар азыр каралып жатат. Президент Садыр Нургожоевич жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон мамлекеттик органдарга тапшырмаларды берген. Биз аны аткарганга аракет кылып жатабыз. Чек ара бир күндө эле чечилбейт. Сүйлөшүүлөрдүн негизинде эки тарапты канааттандыра турган чечимге келсек, кол койгонго мүмкүнчүлүк ачылат. Эки-үч айдын ичинде жыйынтыкка келебиз деген жакшы ойлорубуз бар”, - деди ал.

Министрлер кабинети жакында эле кыргыз-тажик чек арасынын 94% тилкеси такталганын кабарлаган. Кыргыз өкмөтүнүн чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев “Азаттыкка” чечиле элек 6% тилке Баткен районунун аймагындагы “татаал жерлер” экенин айткан.

Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым. 2022-жылы президенттер жолуккан маалда мунун 664 чакырымы боюнча орток пикир табылганын айтышкан.

Чек ара такталбагандыктан суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта байма-бай чыр-чатактар катталып келген. 2021-жылдын апрель-майында жана 2022-жылдын сентябрында чек арада кандуу кагылышуулар болгон. (BTo/KE)

XS
SM
MD
LG