Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:03

6-августтун аба ырайы тууралуу маалымат


Бишкектеги Горкий көчөсүндө жайгашкан Ботаникалык бактын дендрарий коругу.
Бишкектеги Горкий көчөсүндө жайгашкан Ботаникалык бактын дендрарий коругу.

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 5-6-август күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

6-августта Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36,

Талас жергесинде түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32,

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 19…24, күндүз 31…36,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 11…16, күндүз 21…26,

Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…+4, күндүз 7…12 градус болот.

Бишкекте күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22°, күндүз 33…35° болот.

XS
SM
MD
LG