Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:16

Париж-2024: Елизавета Печерских сууда сүзүүдөн мелдешке чыгат


Елизавета Печерских.
Елизавета Печерских.

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында бүгүн, 3-августта суучул Елизавета Печерских мелдешке чыгат.

Ал аялдар арасында 50 метрге эркин сүзүүдө жарышат. Бул аралыктагы мелдеш Бишкек убактысы боюнча 15:00дө башталат.

Аялдар арасында 50 метрге эркин сүзүү боюнча жарышка жалпы 79 спортчу катышат. Бул дистанцияда Олимпиада рекорду австралиялык Эмма Маккеонго таандык.

Ал Токио Олимпиадасында 50 метрге эркин сүзүүдө марага 23.81 секундада жеткен. Дүйнөлүк рекордду швециялык Сара Шёстрём 2023-жылы жаңылаган. Ал марага 23.61 секундада жеткен. Сара Париж Олимпиадасында алтын медалга башкы талапкерлердин бири.

Елизавета Печерских 20 дистанцияда Кыргызстандын рекордун жаңылаган. Эркин стилде жана чалкалап сүзүүдө Азия чемпионатынын (2017-жылы, 2019-жыл) күмүш, коло медалдарын уткан. Орусиядагы ири мелдештердин бири саналган Александр Попов атындагы кубоктун эки жолку жеңүүчүсү.

Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча рекордчусу Елизавета
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:38 0:00

Кыргызстандан бул Олимпиада оюндарына спорттун беш түрүнөн 16 спортчу катышууда. Буга чейин дзюдочулар Эрлан Шеров менен Кубанычбек Айбек уулу жеңилип, мелдештерин жыйынтыктады. Суучул Денис Петрашов брасс стилинде 100 жана 200 метр аралыктарга жарышка чыгып, 100 метр аралыкта 23-орунду, 200-метр аралыкта 14-орунду ээледи. Ал эми мушкер Мунарбек Сейитбек уулу алгачкы атаандашын жеңип, чейрек финалга чыккан. Ал эми спорттук күрөш боюнча мелдештер 5-августта башталат. (GT)

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндары, кыргыз спортчуларынын мелдештери тууралуу "Азаттыктын" "Париж-2024: Олимпиада жаңылыктары" баракчасынан окуңуз.

Париж Олимпиадасына катышкан кыргызстандык спортчулардын графиги.
Париж Олимпиадасына катышкан кыргызстандык спортчулардын графиги.

XS
SM
MD
LG